Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 7-июнундагы кун тартиби

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышынын

 

КҮН ТАРТИБИ

 

Өткөрүү убактысы: 2016-жылдын 7-июнунда,

саат 14:00.

     Өткөрүлө турган жер: Овалдык зал (7-кабат).

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын                   27-апрелинде №218-токтому менен жактырылган “Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (биринчи окууда).

 

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

БаяндамачыА. О. Кожошев – Кыргыз Республикасынын экономика министри.

 

  1. «ВИД Майнинг Компани» ЖЧК компаниясынын: «Алтын өндүрүүдөгү экологиялык коопсуз технологиясы» жана «Кыргызстандагы тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү жолдору» темасындагы бетачары.

 

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети

БаяндамачыНиколай Михайлович Власов – «ВИД Майнинг Компани» ЖЧКнын башкы директору.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси» боюнча 2013-2014-жылдар үчүн отчету.

 

                                                     Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети

                                                    Баяндамачы: У. Д.  Рыскулов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары

 

  1. Ар кандай маселелер.        

 

 

                     Комитеттин төрагасы                                            К. Рыспаев