Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карап чыкты.

21-06-2016
08:41

Жашы жете элек кыздарды турмушка берген тараптарга эркинен ажыратуу чаралары колдонулат

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде КР Үй-бүлө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды. Анда жашы жете элек кызды турмушка берүүгө макулдугу бар ата-энелердин, жашы жеткен куракка келип, эрезеге жете элек кыздын колун сураган жигиттин жана анын ата-энесинин жоопкерчилиги эркинен ажыратуу чаралары менен коштолот. Ошондой эле алардын катарында нике кыйган диний өкүлдүн жоопкерчилиги да бирдей каралат.  Эгерде ушундай фактылар катталса, жогоруда саналып өткөн тараптар 3 жылдын 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылсын деген сунуш коомчулукта кеңири талкууну жаратты.

"Маселенин диний чөйрөгө тиешелүү бөлүгүндө муфтияттын жетекчилиги баш болуп колдоо көрсөтөөрүн билдиришүүдө. Эң биринчи кезекте жаш кыздарыбыздын келечек тагдырына кайдыгер карабашыбыз керек".

Талкууда депутат Т. Икрамов - "Кийин соң талаш маселе жаралбаш үчүн нике кыйып жаткан молдо атайын каттоо иштерин жүргүзүп койгону жакшы" - деди.

Депутат Р. Момбеков болсо Казакстанда, Таласта жашы жете элек кыздардын турмуш куруп, балдары менен көчөдө калган учурларын мисалга келтирди.

Депутат Ж. Акаев  балдар мамлекеттин келечеги болгондуктан, ага бир гана кишинин баласы катары эмес, мамлекеттин баласы катары кароо зарыл деген пикирин билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз мыйзам долбоорун даярдоодогу лингвистикалык мүчүлүшүктөргө көңүл бурду.

Жыйынтыгында   КР Үй-бүлө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жактыруусуна ээ болду.