Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 18-сентябрындагы
“Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир. №6-8658/23, 2023-жылдын 14-июну) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун концепциясы “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүүгө, ошондой эле эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин натыйжалуу тутумун жаратуу үчүн мыйзамдагы боштуктарды жоюуга багытталган.
2. Билдирилген концепцияга Мыйзам долбоорунун мазмунунун ылайык келиши:
-ылайык келет.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (кириш № 6-9869/23, 30.06.2023-ж.) тиркелет;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (кириш № 6-9362/23, 22.06.2023-ж.) тиркелет.
6. Эгерде андайлар болгон учурда, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы № 6-11155/23 корутундусу тиркелет.
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
-Комитеттин Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча сын-пикирлери жана сунуштары жок.
Баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;
2) “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Г. М. Баатыровага тапшырылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында ушул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У. О. Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын юстиция министри А. Б. Баетов чакырылсын.
Комитеттин төрайымы В. К. Раимбачаева