Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 18-сентябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата  Комитеттин КОРУТУНДУСУ (3-окуу)

19-09-2023
16:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык  саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 18-сентябрындагы

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата 

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан экинчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 29-июнундагы № 1356-VII токтому), Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А.У. Жапаров тарабынан  демилгеленген “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык  кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2023-жылдын 11-майдагы № 6-6613/23)  Кыргыз Республикасынын Мыйзам  долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароонун жүрүшүндө редакциялык мүнөздөгү сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.  Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү менен биргеликте  Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилди.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы  А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык  кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору  жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Бул маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева  аныкталсын.

3.Ушул маселе боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  жыйналышына  Кыргыз Республикасынын  саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Муканов Азамат Кеңешевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич  жана Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Дуйшеева Жибек Курманбековна чакырылсын.

Комитеттинтѳрагасы                                                                                                                                                          В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.