Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 18-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

19-09-2023
16:52

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 18-сентябрындагы

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (мындан ары-Комитет) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. К. Акаев, Н. Т. Шакиев, Ч. А. Султанбекова, М. Самыйкожо тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясын (2023-жылдын 1-сентябрындагы кир. №6-11018/23) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугун реабилитациялоого багытталган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкештиги:

-Мыйзам долбоорунун мазмуну жарыяланган концепцияга ылайык келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасынын абалы:

-“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок (талап кылынбайт).

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 7-сентябрындагы кириш № 6-11195) тиркелет.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын  6-сентябрындагы кириш № 6-11146/23) тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаровдун тескемеси (2023-жылдын 28-мартындагы  №  156)  тиркелет.

7. Коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.

8. Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

2023-жылдын 18-сентябрындагы Комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. К. Сулайманов,  Ж. Э. Садырбаева, А. Т. Маткеримов Мыйзамды ишке ашыруу үчүн каржы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун алдындагы Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиясынын статусу жөнүндө маселелерин кайрадан карап чыгуу сунушун беришти.

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири, эгерде бар болсо:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Комитет “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мамлекеттик тилиндеги текстине төмөнкүлөрдү сунуштайт:

а) аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы “граждандардын”, “граждандарына”, “граждандарга”, “гражданы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жарандар” жана “жаран” деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) ар кандай жөндөмө формаларындагы “граждандык”, “граждандыгынан”, “граждандыгы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жарандыгы” деген сөздөргө алмаштырылсын.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Ушул Комитеттин корутундусунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                           В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.