Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 11-сентябрындагы
“Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июнундагы № 36 Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын (2023-жылдын 20-июлундагы кир. № 6-10435/23) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун концепциясы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүн жоготкондугун таануу максатында иштелип чыккан.
2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкештиги:
-Мыйзам долбоорунун мазмуну жарыяланган концепцияга ылайык келет.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-«Кыргыз Республикасынын жарандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок (талап кылынбайт).
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 27-июлундагы кир. № 6-10530/23) тиркелет.
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 26-июлундагы кир. № 6-10515/23) тиркелет.
6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар:
-жок.
7. Коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин веб-сайтына жайгаштырылган..
-жок.
8. Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:
-жок.
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири, эгерде бар болсо:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
-Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуусу сунушталсын..
2. Ушул Мыйзам долбоорунун корутундусунун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.