Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 11-сентябрындагы
«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А. Жапаров тарабынан демилгеленген «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (2023-жылдын 29-майындагы кир. № 6-7543/23) карап чыгып, тѳмѳнкүнү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра
карап чыгуунун негизинде масштабдуу жана сапаттуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкеш келиши:
-шайкеш келет.
3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар:
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, сунушталган Мыйзам долбоору боюнча жөнгө салуучу таасирге анализ жүргүзүлгөн (ЖТА тиркелет).
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу тиркелет (2023-жылдын 8-июнундагы кир. № 6-8281/23 тиркелет).
6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
7. Жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар, алар жүргүзүлгөн учурда:
Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, коомдук талкуу жол-жоболорун өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына 2022-жылдын 16-июнунда жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыгында Кыргызстандын фармацевтика кызматкерлеринин кесиптик лигасынан жана Кыргызстандын фармацевтика өндүрүшүнүн ассоциациясынан эки сунуш түшкөн, алардын сунуштары эске алынды.
Ошондой эле, коомдук талкууну активдештирүү максатында Президенттик Администрациясынын, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик сектордун, фармацевтикалык бизнестин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2 тегерек стол өткөрүлгөн. Тегерек столдордун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштар жана сын-пикирлер жумушчу топ тарабынан талдоого алынып Мыйзам долбоорунда эске алынган.
8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:
-жок.
9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А. С. Бейшеналиев аныкталсын.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына төмөнкү кызмат адамдары чакырылсын:
-Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
-Арыкбаева Бубужан Камчыбековна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
-Джанкорозова Мариям Кадыркуловна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору;
-Муканов Азамат Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасы;
-Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы
-Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри;
-Кулубаев Жээнбек Молдоканович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
-Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары.
Комитеттин тѳрагасы В. К. Раимбачаева