Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 11-сентябрындагы «Медициналык буюмдарды жүгүртүү  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

12-09-2023
16:35

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 11-сентябрындагы

«Медициналык буюмдарды жүгүртүү  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А. Жапаров тарабынан демилгеленген «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (2023-жылдын 18-майындагы № 6-7053/23) карап чыгып, тѳмѳнкүнү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы жарандардын жана юридикалык жактардын медициналык буюмдарды жүгүртүү  чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарын коргоого, калкты  сапаттуу жан коопсуз медициналык буюмдар менен камсыздоого багытталган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкеш келиши:

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-«Медициналык буюмдарды жүгүртүү  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар:

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, 2022-жылдын 11-августунда сунушталган Мыйзам долбоору боюнча жөнгө салуучу таасирге анализ жүргүзүлгөн (ЖТА тиркелет).

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу тиркелет (2023-жылдын 25-майындагы кир. № 6-7439/23).

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок

7. Жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар, алар жүргүзүлгөн учурда:

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Мыйзам долбоору 2022-жылдын 16-июнунда коомдук талкуулоо процедурасынан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн эмес.

Ошондой эле, коомдук талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн, мамлекеттик сектордун, фармацевтикалык бизнестин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2 тегерек стол өткөрүлгөн. Тегерек столдордун жыйынтыгында келип түшкөн сунуштар жумушчу топ тарабынан талдоого алынган жана Мыйзам долбоорунда эске алынган.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-жок.

9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

-жок.        

10. Комитеттин сунушу:

Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А. С. Бейшеналиев аныкталсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  жыйналышына төмөнкү кызмат адамдары чакырылсын:

-Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министри;

-Арыкбаева Бубужан Камчыбековна - Кыргыз Республикасынын  Саламаттык сактоо министринин орун басары;

-Джанкорозова Мариям Кадыркуловна - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору;

-Муканов Азамат Кенешевич - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун төрагасы;

-Исабеков Самат Сатарович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы

-Амангельдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри;

-Кулубаев Жээнбек Молдоканович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

-Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары.

Комитеттин тѳрагасы                                                                                                                                       В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.