Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 11 - сентябрындагы “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

12-09-2023
16:30

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 11 - сентябрындагы

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б. К. Чойбеков тарабынан демилгеленген (2023-жылдын 23-июнундагы кир. № 6-9442/23) “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы.

Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын 2% өлчөмдөгү топтоо бөлүгүнөн түзүлгөн топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын пайдалануу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу каалоосун билдирген бардык жарандарга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана колдоо көрсүтүү максатында иштелип чыккан.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга туура келүүсү:

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар: 

-жок.

5.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 3-июлундагы  кир. № 6-9908/23) тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу 2023-жылдын 29-июнундагы кириш № 6-9708/23) тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси  А.У. Жапаровдун каты (2023-жылдын 1-сентябрындагы чыг. № 18-7129) тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар, эгер алар болсо:

-жок.

7. Өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгерде өткөрүлгөн болсо:

-жок

8. Мыйзам долбооруна фракциялардан, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-жок.

9. Комитетин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

-жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жиберилсин.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                                     В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.