Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 29-июнундагы
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата (экинчи окуу)
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, 2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 14-июнундагы токтому) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (2023-жылдын 11-майдагы кир. № 6-6613/23) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Мыйзам долбоору «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду) менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жеңилдетилген шарттарда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматты жүзөгө ашыруучу адамдарды медициналык кызмат менен камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгилейт.
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектилеринен Мыйзам долбооруна жазуу жүзүндө сунуштар түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (тиркелет).
2. Бул маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева аныкталсын.
3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына төмөнкүлөр чакырылсын. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы.
Комитеттин тѳрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.