Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 29-июнундагы
«2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 22-июнундагы № 1325-VII токтому) «2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» (кир. №6-8069/23, 2023-жылдын 6-июну) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Мыйзам долбоорунун максаты болуп 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталгандыгы саналарын белгилейт.
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. А. Ражабалиевден жазуу жүзүндөгү сунуш (кир. № 6-9508/23, 23.06.2023-ж., тиркелет) келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. А. Ражабалиевдин сунушу:
1) 3-берененин 2-пунктундагы “эгерде курман болгон жалгыз баласы болсо,” деген сөздөр алып салынсын;
2) 8-берененин 2-пунктундагы “эгерде курман болгон жалгыз баласы болсо,” деген сөздөр алып салынсын.
Негиздөөсү:
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуяларда курман болгондор, ошондой эле мөөнөтүнүн эскиргенине карабастан алардын курман болушуна же өлүмүнө ушул окуяларда орун алган жаракаты себеп болуп каза болгон адамдардын ата-энелери жалгыз баласы же жалгыз эмес баласы болгондугуна карабастан, мамлекетибиздин бүтүндүгүн коргоо үчүн жанын берген адамдарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн ата-энелерге мамлекеттик колдоону күчөтүү керек.
Бул сунуш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. А. Ражабалиев тарабынан кайра чакыртып алынды.
Комитет Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун «2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» деген аталышын «2021-жылдын апрелинде Баткен областында жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору деп алмаштырууну сунуш кылат.
Баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1) «2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алуусу сунушталсын, ошондой эле Комитеттин сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун «2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» деген аталышын «2021-жылдын апрелинде Баткен областында жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору деген аталышка алмаштыруу сунушталсын;
2) көпчүлүк фракциялардын, депутаттык топтордун оң корутундусу болгондо «2021-жылдын апрелинде Баткен областында жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош областтарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын;
3) бул маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В. К. Раимбачаева жана кошумча баяндамачы болуп эмгек, социалдык камсыздоо министри К. Б. Базарбаев аныкталсын;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж. К. Дуйшеева чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева