Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 29-июнундагы Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата КОРУТУНДУСУ (2-3 окуу)

29-06-2023
15:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 29-июнундагы

Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 22-июнундагы № 1324-VII токтому)  «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (кир. №6-8061/23, 2023-жылдын 6-июну) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Мыйзам долбоорунун максаты болуп 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жана 2010-жылдын апрель-июнь айларында Кыргыз Республикасынын аймагында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталгандыгы саналарын белгилейт.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.

Баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;

2. Көпчүлүк фракциялардын, депутаттык топтордун оң корутундусу болгондо «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

3. Бул маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы  В. К. Раимбачаева жана кошумча баяндамачы болуп эмгек, социалдык камсыздоо министри К. Б. Базарбаев аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж. К. Дуйшеева чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                                                В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.