Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 29-июнундагы
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын бириктирилген долбоору жөнүндө (үчүнчү окуу)
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан экинчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 22-июнундагы № 1311-VII токтому) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К. Акаев, Н.Т. Шакиев, В.К. Раимбачаева, Ч. А. Айдарбеков, Н.Я. Алимжанова, Э.Э. Жамгырчиев, Ж.П. Нурбаев, Ф.А. Алимжанов, Г.С. Молдобекова, А.Т. Түмөнбаев, Н.А. Ражабалиев, М.А. Маматалиев, Б.К. Чойбеков, Т.И. Икрамов, Ө.М. Бакиров, Д.Д. Бекешев, Э.Н. Сулайманов, А.Т. Исираилов, А.Б. Кенжебаев, Э.Т. Токтошев, М. Самыйкожо, Н.К. Алимбеков, Н.А. Азыгалиев, Э.Ж. Сурабалдиева, Исатбек кызы Аида, А.А. Айдарова, А.Т. Маткеримов, К.А. Талиева, Ш.М. Мажитова, М.К. Сарбагышев, С.А. Атамбаев (2023-жылдын 12-майындагы № 6-6657/23) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан (2023-жылдын 29-майындагы № 6-7541/23) демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын бириктирилген долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароонун жүрүшүндө редакциялык мүнөздөгү сын пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмү менен биргеликте Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө техникалык жана редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилди.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К. Акаев, Н.Т. Шакиев, В.К. Раимбачаева, Ч. А. Айдарбеков, Н. Я. Алимжанова, Э. Э. Жамгырчиев, Ж. П. Нурбаев, Ф. А. Алимжанов, Г. С. Молдобекова, А. Т. Түмөнбаев, Н. А. Ражабалиев,М. А. Маматалиев, Б. К. Чойбеков, Т. И. Икрамов, Ө. М. Бакиров, Д. Д. Бекешев, Э. Н. Сулайманов, А. Т. Исираилов, А. Б. Кенжебаев, Э. Т. Токтошев, М. Самыйкожо, Н. К. Алимбеков, Н. А. Азыгалиев, Э. Ж. Сурабалдиева, Исатбек кызы Аида, А. А. Айдарова, А.Т. Маткеримов, К. А. Талиева, Ш. М. Мажитова, М. К. Сарбагышев, С. А. Атамбаев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын бириктирилген долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
3. Бул маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева аныкталсын.
4. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Бишкек шаарынын мэри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти чакырылсын.
Комитеттин тѳрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.