Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 20-июнундагы “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын бириктирилген долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

21-06-2023
15:50

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 20-июнундагы

Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын бириктирилген долбоору жөнүндө (экинчи окуу)

КОРУТУНДУСУ 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети 2023-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 8-июнундагы № 1246-VII жана 2023-жылдын 8-июнундагы № 1247-VII токтомдору) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. К. Акаев, Н. Т. Шакиев, В. К. Раимбачаева, Ч. А. Айдарбеков, Н. Я. Алимжанова, Э. Э. Жамгырчиев, Ж. П. Нурбаев, Ф. А. Алимжанов,  Г. С. Молдобекова, А. Т. Түмөнбаев, Н. А. Ражабалиев, М. А. Маматалиев,  Б. К. Чойбеков, Т.И. Икрамов, Ө.М. Бакиров, Д.Д. Бекешев, Э.Н. Сулайманов, А.Т. Исираилов, А. Б. Кенжебаев, Э. Т. Токтошев, М. Самыйкожо, Н. К. Алимбеков, Н. А. Азыгалиев, Э. Ж. Сурабалдиева, Исатбек кызы Аида, А. А. Айдарова, А. Т. Маткеримов, К. А. Талиева, Ш. М. Мажитова, М. К. Сарбагышев, С. А. Атамбаев (2023-жылдын 12-майындагы № 6-6657/23) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан (2023-жылдын 29-майындагы № 6-7541/23) демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын бириктирилген долбоорун (мындан ары-Мыйзамдын бириктирилген долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Мыйзамдын бириктирилген долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б. Чойбеков, Ж. Акаев, Ч. Айдарбеков, Н. Алимжанова, Ф. Алимжанов, Ж. Кыдыкбаев, Э. Сатыбалдиев, Б. Сыдыков тарабынан жазуу жүзүндө төмөнкүдөй мазмундагы түзөтүүлөр келип түшкөн:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б. Чойбековдун Мыйзамдын бириктирилген долбооруна жазуу жүзүндө түзөтүүлөрү:

1. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункту менен толукталсын:

“3) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы негизги багытка кошумча иш катары окутууну камсыз кылат.

2. 8-берененин 2-бөлүгүнүн 9-пунктундагы “уюмдарында” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында” деген сөздөр менен толукталсын;

3. 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

“2. Негизгиге иштин кошумча түрү катары кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарына жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо бир тараптуулук менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы кирет;”;

4. 19-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

“6) Жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды жогорку окуу жайдан кийинки даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;”;

5. 22-берененин 4-пунктундагы «ректор» деген сөздөн кийин “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимий академиясынын президенти,” деген сөздөр менен толукталсын;

6. 30-берененин 2-бөлүгүндөгү “уюмдарында” деген сөздөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында” деген сөздөр менен толукталсын;

7. 36-берененин 11-бөлүгүндөгү “уюмдары” деген сөздөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы” деген сөздөр менен толукталсын;

8. 47-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“8. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү менчигинин түрүнө карабастан айылдык билим берүү уюмдарында эмгек иштеген бүткүл мезгили үчүн айыл жергесине иштөөгө жиберилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын бүтүрүүчүлөрү илимий жана билим берүү уюмдарында иштегендерге, мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтыруу берилет жана жаш мугалим менен окумуштуу-педагогдун депозити берилиши мүмкүн.”.

Негиздеме:

Сунушталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын билим берүү тармагындагы ордун жана ролун тактоого багытталган.”.

Комитет бул түзөтүүлөрдү четке какты.

Комитет 8-берененин 2-бөлүгүнүн 9-пункту жоктугун, 19-беренеде билим берүү уюмдарынын түрлөрү каралган, 22-берененин 4-пункту өзгөртүлгөн, 30-берененин 2-бөлүгүндө башка ченем, 36-берененин 11-бөлүгү жана 47-берененин 8-бөлүгү бириктирилген Мыйзам долбоорунда жоктугун белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. Акаев, Ч. Айдарбеков, Н. Алимжанова жана Ф. Алимжановдун Мыйзамдын бириктирилген долбооруна жазуу жүзүндө түзөтүүлөрү:

1) 3-беренедеги орто кесиптик билим берүүнү бөлөк көрсөтүү:

орто кесиптик билим берүү - негизги жана/же жалпы орто билим берүүнүн базасында тиешелүү билим берүү программаларынын стандарттарына ылайык адистерди даярдоого жана кайра даярдоого багытталган билим берүүнүн деңгээли;”;

Негиздеме:

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү билим берүүнүн ар кандай түрлөрү жана өзүнчө каралышы керек. Орто кесиптик билим берүү орто звенодогу адистерди даярдаса, башталгыч кесиптик билим берүү жумушчу кызматкерлерди даярдайт.

2) 8-берененин 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- ар бир окуучуга коомдун пайдалуу мүчөсү болууга, демократиялык жана светтик коомдун өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүндүк берген, анын өнүгүшү илимий билимге, өз ара түшүнүшүүгө, толеранттуулукка жана коом мүчөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкка негизделген билим берүү системасын түзүү;”;

3) 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“-билим берүүнүн бүтүндүгү, анын бардык деңгээлдеринин үзгүлтүксүздүгүн жана бири-бирин толуктап турушун камсыз кылуу;

-мыкты эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу билимге жетишүү.”.

4) 8-берененин 4- бөлүгүнүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-окуучулардын дүйнө жөнүндөгү илимий түшүнүгүн жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын гармониялуу системасын калыптандырууга багытталган билим берүүнүн жана тарбиялоонун гуманисттик мүнөзү;”.

8-беренеге сунуштардын негиздери:

Дүйнөгө илимий көз карашты камтыган формула.

5) 13-берене 17-пунктунан кийин төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:

“18) мамлекет тарабынан таанылган дипломдорду берүү.”.

Негиздеме:

Дал ушул билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган мамлекет тарабынан таанылган дипломду берүүгө милдеттүү.

6) 13-берене 18-пунктунан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“- билим берүүгө инвестициялардын агымын камсыз кылуу жана бардык деңгээлдердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү.”.

Негиздеме:

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү сапаттуу билим берүү инфраструктурасынын жетишсиздигинен жана билим берүү кызматтарынын ар түрдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн шартында билим берүүгө инвестициялардын агымын камсыз кылуу жана бардык деңгээлдеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн зарыл. Билим берүүнү өнүктүрүүгө жеке адамдардын кызыгуусун күчөтүү зарыл.

7) 19-беренеде бөлүп салуу:

“- кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдары;

-орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары;”.

Негиздеме:

Башталгыч кесиптик билим берүү менен орто кесиптик билим берүүнү бөлүп алуу зарыл.

8) 20-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Кыргыз Республикасында гуманизм, светтик жана дүйнөнү илимий түшүнүү принциптерине негизделген жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүү программалары ишке ашырылат.”.

Негиздеме:

Дүйнөгө илимий көз карашты камтыган формула.

9) 21-берененин 5-бөлүгү “ыкмасы менен” деген сөздөрдөн кийин “аралык (синхрондук жана асинхрондук)" деген сөздөр менен толукталсын:

“Билим берүү уюму окутуунун гибриддик ыкмасын колдонууга укуктуу, мында билим берүү уюму мугалим менен окуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу окутуунун салттуу ыкмасын дистанттык (синхрондук жана асинхрондук) онлайн окутуу ыкмасы менен айкалыштырат.”.

Негиздеме:

Дистанттык окутуунун форматын так жана туура түшүндүрүү (дүйнөдө адаттагыдай).

10) 22-берененин 3-бөлүгүнө редакциялык өзгөртүүлөр киргизилсин жана төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Окуучулардын, жашы жете элек окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана мугалимдердин билим берүү уюмун башкаруу жөнүндө алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон ой-пикирлерин эске алуу үчүн окуучулардын, жашы жете элек окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, ата-энелер комитеттеринде, окуучулардын же окуучулардын кеңештеринде, кесиптик бирликтерде.”.

Негиздеме:

Жеке менчик билим берүү уюмдарына алардын академиялык моделине, бардык кызыкдар тараптар менен, анын ичинде ата-энелер менен иштөө ыкмаларына жараша билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүнө ата-энелердин катышуу формасын талкуулоо аркылуу аныктоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы теңдештирүүгө эмес, ар түрдүү кызматтарга умтулушу керек. Ата-энелердин башкарууга катышуусу салык төлөөчүлөр тарабынан каржыланган мамлекеттик мектептер үчүн көбүрөөк актуалдуу. Жеке мектептерде мектеп менен ата-энелердин ортосундагы мамиле билим берүү муктаждыктарына жараша келишимдик негизде аныкталышы керек.

11) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

“Көз карандысыз аккредитациясы бар мекемелер гана мамлекеттик диплом берүүгө укуктуу.”.

Негиздеме:

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында берилген дипломдорду таанууга мүмкүнчүлүк берген бир гана нерсе – бул мамлекеттик дипломдор. Ошол себептүү мамлекеттик үлгүдөгү документ менен тастыкталган билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу маанилүү. Көз карандысыз аккредитация бардык деңгээлдердеги билим берүүнүн сапатынын минималдуу деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик дипломдун имиджин сактап калуу үчүн мамлекеттик диплом берүүнү каалаган уюмдардан көз карандысыз аккредитациядан өтүүнү талап кылуу зарыл.

12) 26-берененин 2- жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Мектепке чейинки билим берүү окуучулардын жалпы маданиятын, интеллектуалдык, адеп-ахлактык, психоэмоционалдык, эстетикалык жана физикалык өнүгүүсүн калыптандырууга, дүйнө жөнүндө илимий негизделген түшүнүктү калыптандырууга, мектепке чейинки курактагы балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган, аларды тарбиялоо, камкордук көрүү жана мектепке даярдоо.

2. Мектепке чейинки билим берүү менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында же жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алуу аркылуу, же үй-бүлөдөгү ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) өтүнүчү боюнча жүзөгө ашырылат.”.

Негиздеме:

Учурда мектепке чейинки билим берүүнүн жетишсиздигинен мектепке чейинки курактагы балдардын 24%ы гана мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул маселени чечүү үчүн жеке адамдар жана ишкерлер мектепке чейинки билим берүү уюмун ачууга кызыкдар болушу үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл. Ошентип мамлекет бул маселени чече алат.

13) 26-берене 10-бөлүк менен толукталсын:

“Жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана жалпы билим берүүчү мектептер балдарды тандоодо кирүү экзамендерин өткөрүүгө укуктуу.”.

Негиздеме:

Бул билим берүү кызматтарынын көп түрдүүлүгү жана сапаты үчүн зарыл.

14) 30-берененин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-квалификацияны ыйгаруу менен мамлекеттик үлгүдөгү башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө диплом;

-квалификация ыйгарылган мамлекеттик үлгүдөгү орто кесиптик билим берүү жөнүндө диплом;”.

15) 30-берененин 10-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде жүргүзүлөт.”.

16) 30-берененин 10-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“Орто кесиптик билим берүүнүн жеке менчик билим берүү уюмдары өздөрүнүн билим берүү моделинин өзгөчөлүктөрүнө жараша кабыл алуу эрежелерин өз алдынча аныктоого укуктуу.”.

17) 31- берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну ийгиликтүү аяктаган адамдарга мамлекеттик диплом жана улуттук квалификациялык алкактарга ылайык тиешелүү адистик боюнча квалификация ыйгарылат.”.

30-берененин негиздемеси:

Жеке орто кесиптик окуу жайларга студенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн баллы боюнча эмес, ички кирүү сынагынын негизинде кабыл алуу эркиндиги берилиши керек. Бул сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат. ЖРТнын 9-класстын деңгээлине чейин кеңейиши, 9-класстын окуучулары ЖРТга даярдануу менен гана алектенип, мектеп программасын окубай калуу коркунучу бар.

Мындай көйгөй азыр 10-11-класстарда байкалууда, анткени окуучулар акыркы 2 жыл ичинде ЖРТга даярдануу менен гана алектенишет. Ошол эле учурда ЖРТнын жана мектептеги билимдин орточо деңгээли жыл сайын төмөндөөдө. ЖРТны мурунку класстарга узартуу бул көйгөйдү күчөтөт. Бул нерсе ЖРТ өткөргөн уюму тарабынан лобби жасалат.

18) 31-берене 5-бөлүгүнөн кийин төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:

“Жогорку кесиптик билим берүүнүн жеке менчик билим берүү уюмдары өздөрүнүн билим берүү моделинин өзгөчөлүктөрүнө жараша кошумча кирүү тесттерин өткөрүүгө укуктуу.

ЖРТнын босого баллдарын алган адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранты берилет.

Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жогорку кесиптик билим берүүнүн эксперименталдык багыттарын жана адистиктерин бекитүүгө укуктуу. Тездетилген окутуу программалары боюнча окуу жүктөмүнүн өлчөмү кесиптик жогорку билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

Тездетилген окутуу программалары боюнча окуу жүктөмүнүн өлчөмү кесиптик жогорку билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.”.

Негиздеме:

Жеке жогорку окуу жайларына өздөрүнүн академиялык моделинин негизинде кошумча кирүү экзамендерин уюштурууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Мисалы, БААУ англис тилинде окутат, ошондуктан англис тилин билүү үчүн кошумча тесттерди өткөрүү үчүн жыл сайын БИМден уруксат сурашы керек. Ошол эле учурда ЖРТнын минималдуу деңгээлине карата талап сакталышы керек.

Ошондой эле ЖОЖдорго тездетилген программалар боюнча жүктөмдү аныктоо эркиндигин берүү зарыл. Университеттер кызыкдар тараптардын муктаждыктары үчүн программаларды иштеп чыга алат. Көптөгөн адистер кыска убакыттын ичинде керектүү билимге жана көндүмгө ээ болууну каалашат жана адатта бул үчүн бир нече жыл короткусу келбейт.

Заманбап билим берүү системасы тез өзгөрүп жаткан жана барган сайын татаалдашып жаткан дүйнөгө жооп берүү үчүн ийкемдүүлүккө жана көп түрдүүлүккө умтулушу керек.

19) 39-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-биргелешип башкаруунун ар кандай формалары аркылуу мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмун башкарууга катышууга.”.

20) 39-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакциядагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“-билим берүү уюмдарын башкарууга ата-энелердин катышуусу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн гана милдеттүү болуп саналат.

Жеке билим берүү уюмдары ата-энелердин мекеменин ишине катышуу маселелерин чечүүгө укуктуу.”.

Негиздеме:

Жеке билим берүү уюмдарына алардын академиялык моделине, бардык кызыкдар тараптар менен, анын ичинде ата-энелер менен иштөө ыкмаларына жараша билим берүү мекемесинин ишине ата-энелердин катышуу формасын аныктоо мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы теңдештирүүгө эмес, ар түрдүү кызматтарга умтулушу керек. Ата-энелердин башкарууга катышуусу салык төлөөчүлөр тарабынан каржыланган мамлекеттик мектептер үчүн көбүрөөк актуалдуу. Жеке мектептерде мектеп менен ата-энелердин ортосундагы мамиле билим берүү муктаждыктарына жараша келишимдик негизде аныкталышы керек.

21) 40-берененин 3-бөлүгү “кабыл алууда” деген сөздөн кийин “мамлекеттик” деген сөз менен толукталсын.

Негиздеме:

Бул билим берүү кызматтарынын көп түрдүүлүгү жана сапаты үчүн зарыл. Дүйнө жүзү боюнча жеке уюмдар студенттерди өздөрүнүн билим берүү моделинин негизинде тандашат.

22) 42-берененин 2- бөлүгү “Педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоо” деген сөздөрдөн мурда “Квалификациясын жогорулатуу жана” деген сөздөр менен толукталсын.

Негиздеме:

Кесиптик орто билим берүү, жогорку окуу жайлары жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштеп жаткан мекемелер көлөмдү көтөрө албагандыктан, республикада мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу ишине жеке адамдарды тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Республикада 80 миңден ашык мектеп мугалимдери бар жана алар беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатууга тийиш. Ошондой эле квалификациясын жогорулатууга муктаж мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, орто кесиптик окуу жайлардын, бейөкмөт уюмдардын, ЖЭБдин мугалимдери.

23) 42-статьянын 6- бөлүгүнүн 3-пунктундагы “милдеттенме” деген сөздөн кийин “дүйнөнүн илимий негизделген идеясы” деген сөздөр менен толукталсын:

“дүйнөнүн илимий негизделген идеясын, жалпы адамзаттык адеп-ахлактык принциптерди жана моралдык баалуулуктарды кармануу;”;

Негиздеме:

Дүйнөгө илимий көз карашты камтыган формула.

24) 43-берененин 1-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5) мамлекеттик билим берүү уюмдарын башкарууга катышууга;”;

25) 43-берененин 5-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“дүйнөнү илимий түшүнүүгө жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга: боорукердикке, эмгекчилдикке, гуманизмге, мекенчилдикке, чындыкка, адилеттүүлүккө жана башка жакшы сапаттарга урмат көрсөтүүгө, коррупцияга чыдамсыздыкка тарбиялоого;”;

Негиздеме:

Так жана толук формулировка.

26) 45-берененин 4-пунктунан кийин төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

“5) Педагогикалык иш кесиптик орто же жогорку билими бар, педагогикалык адистик боюнча квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон милдеттүү түрдө өткөн же өткөн адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.”.

Негиздеме:

Учурда мугалим болуу үчүн бир гана билим жетишсиз. Дүйнө тездик менен өзгөрүп, жаңы изилдөөлөр, окутуу усулдары пайда болуп, мугалим өзүнүн билиминин, мугалимдик чеберчилигинин үстүндө тынымсыз иштөөсү зарыл.

27) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

“Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу кошумча билим берүү борборлорунда жүргүзүлүшү мүмкүн.”.

Негиздеме:

Орто кесиптик билим берүү, жогорку окуу жайлары жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштеп жаткан мекемелер көлөмдү көтөрө албагандыктан, республикада мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу ишине жеке адамдарды тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Республикада 80 миңден ашык мектеп мугалимдери бар жана алар беш жылда бир жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатууга тийиш. Ошондой эле квалификациясын жогорулатууга муктаж мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, орто кесиптик окуу жайлардын, бейөкмөт уюмдардын, ЖЭБдин мугалимдери.

28) 48-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү тутумунун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:”;

Негиздеме:

Каражаттарды кантип пайдаланууну жеке уюмдар чечиши керек. Бул алардын конституциялык укугу.

29) 48-берене төмөнкүдөй мазмундагы пункт толукталсын:

“- жеке билим берүү уюмдары финансылык каражаттарды өз алдынча бөлүштүрүшөт.”.

Негиздеме:

Каражаттарды кантип пайдаланууну жеке уюмдар чечиши керек. Бул алардын конституциялык укугу.

30) 49-берененин 1-пунктундагы “окуу үчүн” деген сөздөрдөн кийин “мамлекеттик жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын.

Негиздеме:

ЖРТнын босого баллдарын алган адамдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.

Жеке уюмдарды ЖРТнын негизинде бекер окутууга милдеттендирүүгө болбойт. Бул конституцияга каршы келет. Жеке уюмдар гранттык орундарды өз алдынча түзүп, бул орундарды ачык сынактын негизинде кабыл ала алышат.

31) 52-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын билим берүү, илимий-изилдөө, өндүрүш ишинде жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка көйгөйлөрдү чечүү үчүн пайдаланылган материалдык-техникалык базасы окуу жана илимий максаттар үчүн жеке жактарга акысыз пайдаланууга берилиши мүмкүн.”;

Негиздеме:

Бул билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги көйгөйүн чечип, билим берүү кызматтарынын сапатын жана көп түрдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Жеке адамдарга жана ишканаларга билим берүү тармагына тартылгыдай шарттарды түзүү керек.

32) 54-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын мүлкү жеке жактарга окуу жана илимий максаттарда пайдалануу үчүн гана берилиши мүмкүн.”;

Негиздеме:

Бул билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги көйгөйүн чечип, билим берүү кызматтарынын сапатын жана көп түрдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жеке адамдарга жана ишканаларга билим берүү тармагына тартылгыдай шарттарды түзүү керек.

33) 54-беренин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюму мүлктүн жана финансылык каражаттардын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун жетекчиси финансылык-чарбалык тартипти сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.”;

Негиздеме:

Жеке менчик билим берүү уюмдары өздөрүнүн иштеп тапкан каражаттарын кантип пайдаланууну өз алдынча чечүүгө укуктуу.

Комитет бул түзөтүүлөрдү жарым - жартылай кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. Кыдыкбаев, Э. Сатыбалдиев жана Б. Сыдыковдун Мыйзамдын бириктирилген долбооруна жазуу жүзүндө түзөтүүлөрү:

“24-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

1. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо көз карандысыз аккредитациялоо агенттиктеринде милдеттүү негизде жүргүзүлөт, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдарды кошпогондо.

2. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан билим берүү уюмдарын аккредитациялоо алардын 5 жылдык мөөнөткө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишмердүүлүгү таанылган аккредитациялык органдар тарабынан жүргүзүлөт.

3. Билим берүү уюму көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерди өз алдынча тандашат. Аккредитациялоо аккредиттелүүчү билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюмдар формасында түзүлөт, алардын реестри билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдарын жана жазаларды аткаруу тутумунун мекемелеринде кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында аккредитациялоо жүргүзүлбөйт.

6. Аккредитациялык агенттиктин ишин ачык жана айкын болот.”.

Негиздеме:

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү көптөгөн ЖОЖдор, айрыкча жеке жана аймактык жогорку окуу жайлары студенттердин санын жана окуу контракттарын түзүүгө умтулуп, билим берүү сапатынын натыйжалуулугуна жана квалификациялуу мугалимдерди тартууга, окуунун техникалык каражаттарын алууга анча кызыкдар эмес.

Аккредитациянын негизги максаты - билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтүү. Ыктыярдуу аккредитация билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу жаатында улуттук саясатты түзө албайт, ал биздин кесиптик окуу жайлардын (университеттердин, орто мектептердин жана кесиптик лицейлердин) он миңдеген бүтүрүүчүлөрүн эмгек рыногунда оор абалга алып келет, өзгөчө биздин эмгек мигранттарыбызды кабыл алган өлкөлөр.

Өз талаптарын койгон улуттук аккредитациялык агенттиктер жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан таанылмайынча, жогорку окуу жайлардын системаларын сапаттуу өнүктүрүү жана алардын программаларын, документтерин, академиялык, илимий даражаларын жана квалификацияларын эл аралык же аймактык деңгээлде таануу мүмкүн эмес.

Сунушталып жаткан түзөтүү жогорку окуу жайлардын дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт, анткени Кыргыз Республикасында ЖОЖдордун билими жөнүндө документтерди таануу аккредитация же болбосо аттестация түрүндө ишке ашырылуучу программаны мамлекеттик таанууну талап кылат.

Ошондой эле милдеттүү аккредитациядан өтүү эл аралык билим берүү мейкиндигинин Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун дипломдоруна болгон ишенимин жогорулатууга, мамлекеттик деңгээлде билим берүү тармагында эл аралык келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жогорку/жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуусу жогорку/жогорку кесиптик билим берүү өз ара таануунун негиздерин аныктайт, ошондой эле жогорку/жогорку кесиптик билими берүү жөнүндө мамлекеттик документтердин деңгээлинде таанылган жогорку/жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө документтер жана окуу жайларында/уюмдарда жогорку/жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүү албаган адамдарга белгиленген үлгүдөгү документтер/сертификат/академиялык сертификаттар берилип калгандыгы жөнүндө. Билими жөнүндө документтер жана ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер/академиялык сертификаттар ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик/институционалдык/адистештирилген аккредитациядан/аттестациядан өткөн окуу жайларында/уюмдарында сертификатталган/аккредиттелген билим берүү программалары боюнча берилүүгө тийиш.

Комитет бул түзөтүүлөрдү кабыл алды.

Мыйзамдын бириктирилген долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертиза бөлүмүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен даярдалды.

Комитет Мыйзамдын бириктирилген долбоорунун 14-беренесин ишке ашыруу үчүн «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилейт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен мыйзам долбоорлорунун айрым ченемдери олуттуу финансылык каражаттарды талап кыла тургандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, анын ичинде бюджеттик мыйзамдарга карама-каршы келе тургандыгы тууралуу кат келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы болуп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мыйзам долбоорлорун консолидациялоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши экинчи окууда кабыл алынганга чейин билим берүү тармагын каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен мыйзам долбоорлорунун айрым беренелерин белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө макулдашууну зарыл деп эсептейт.

Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектилеринен Мыйзам долбооруна жазуу түрүндөгү башка түзөтүүлөр түшкөн жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. К. Акаев, Н. Т. Шакиев, В. К. Раимбачаева, Ч. А. Айдарбеков, Н. Я. Алимжанова, Э. Э. Жамгырчиев, Ж. П. Нурбаев, Ф. А. Алимжанов, Г. С. Молдобекова, А. Т. Түмөнбаев, Н. А. Ражабалиев, М. А. Маматалиев, Б. К. Чойбеков, Т. И. Икрамов, Ө. М. Бакиров, Д. Д. Бекешев, Э. Н. Сулайманов, А. Т. Исираилов, А. Б. Кенжебаев, Э. Т. Токтошев, М. Самыйкожо, Н. К. Алимбеков, Н. А. Азыгалиев, Э. Ж. Сурабалдиева, Исатбек кызы Аида, А. А. Айдарова, А. Т. Маткеримов, К. А. Талиева, Ш. М. Мажитова, М. К. Сарбагышев, С. А. Атамбаев тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи окууда жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

3. Бул маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева аныкталсын.

4. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Бишкек шаарынын мэри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                          В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.