Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023- жылдын 27-февралындагы
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-октябрындагы кир. №6-21384/22) «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 945-VII токтомун карап чыгып, тѳмѳнкүлѳрдү белгилейт. Мыйзам долбоору 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун алкагында жүргүзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды жакшыртуу максатында иштелип чыкты.
Бүткүл текст боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү иштеп жаткан мыйзамдарды конкреттештирүү максатында «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында», «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына», «Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында» деген сөздөргө алмаштырылды, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу салык органдарына берилгендигине байланыштуу «камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөргө алмаштырылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, иштеп жаткан мыйзамдардын текстинде «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылды.
Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоодо мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө баяндама жасоо Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага жүктөлсүн.
3. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининин жыйынына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева