Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 27-февралындагы “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (3-окуу)

28-02-2023
12:04

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 27-февралындагы

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Н. О. Сыдыгалиев, М. Самыйкожо, Ш. К. Атазов, Р. Ш. Жакышов, Т. И. Икрамов, У. Б. Бакасов, Н. А. Азыгалиев, Э. Э. Жамгырчиев, С. А. Омурзаков, М. М. Мураталиев, У. З. Ормонов, Ф. Д. Исмаилов, Г. О. Култаева, А. А. Козуев, Б. В. Шабазов, Ы. Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф. А. Алимжанов, Т. А. Масабиров, А. Т. Түмөнбаев, В. К. Раимбачаева, А. Исатбек кызы, А. Т. Маткеримов, Э. Р. Джусупов, Д. Э. Толонов, Ж. Б. Абиров,  Коргонбай уулу Ж., Ш. К. Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22 жана 2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Н. О. Сыдыгалиев, М. Самыйкожо, Ш. К. Атазов, Р. Ш. Жакышов, Т. И. Икрамов, У. Б. Бакасов, Н. А. Азыгалиев, Э. Э. Жамгырчиев, С. А. Омурзаков, М. М. Мураталиев, У. З. Ормонов, Ф. Д. Исмаилов, Г. О. Култаева, А. А. Козуев, Б. В. Шабазов, Ы. Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф. А. Алимжанов, Т. А. Масабиров, А. Т. Түмөнбаев, В.К. Раимбачаева, А. Исатбек кызы, А. Т. Маткеримов, Э. Р. Джусупов, Д. Э. Толонов, Ж. Б. Абиров, Коргонбай уулу Ж., Ш. К. Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22 жана 2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 966-VΙI токтомун карап чыгып, Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын беделин эл аралык спорт коомчулугунда бекемдөөчү спорттук бийик жетишкендиктерге дем берүү максатында иштелип чыккандыгын белгилейт.

Үчүнчү окууга даярдоодо бул Мыйзам долбоору боюнча мыйзам чыгаруу демилгечилерден сын-пикирлер жана сунуштар жазуу түрүндө түшкөн эмес.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.О. Сыдыгалиев, М.Самыйкожо, Ш. К. Атазов, Р. Ш. Жакышов, Т. И. Икрамов, У. Б. Бакасов, Н. А. Азыгалиев, Э. Э. Жамгырчиев, С. А. Омурзаков, М. М. Мураталиев, У. З. Ормонов, Ф. Д. Исмаилов, Г. О. Култаева, А. А. Козуев, Б. В. Шабазов, Ы.Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф. А. Алимжанов, Т. А. Масабиров, А. Т. Түмөнбаев, В. К. Раимбачаева,  А. Исатбек кызы, А.Т. Маткеримов, Э.Р. Джусупов, Д.Э. Толонов, Ж. Б. Абиров, Коргонбай уулу Ж., Ш.К. Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22 жана 2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Ушул Мыйзамдын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. А. Максутов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору К. К. Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Ж. К. Дуйшеева чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                               В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.

Мыйзам долбоорунун материалдары.