Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 27-февралындагы
“Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, 2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган (2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633-VII токтому) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2022-жылдын 22-июнундагы кир. № 6-13368/22) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Мыйзам долбоору “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына шайкеш келтирүү үчүн, ошондой эле бланкеттик жана коррупциялык ченемдерди жоюу максатында иштелип чыкканын белгилейт.
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж. Ш. Токторбаевден жазуу жүзүндө төмөнкүдөй мазмундагы түзөтүү келип түшкөн:
“Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү ар кандай жөндөмө формаларындагы “алкоголдук продукция” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “алкоголдук продукция жана энергетикалык суусундук” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Негиздемеси:
Бүгүнкү күнү энергетикалык суусундуктар көп жерлерде жарнамаланып, аны алкоголсуз деп жаш-каары дебей ичип жатышат.
Энергетикалык суусундуктардын курамында кофеин жана кант көп камтылгандыктан, адамдын ден соолугуна абдан зыяндуу жана организмдин бул ичимдикке көнүүсүнө алып келүүдө.
Энергетикалык суусундукту адамдар көп ичүү организмде канттын көбөйүшүнө, кан басымынын жогорулашына, жүрөк ооруларына, акыры барып каза болууга чейин алып келиши мүмкүн.
Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж. Ш. Токторбаевден келип түшкөн жазуу жүзүндөгү түзөтүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн (2022-жылдын 9-декабрындагы кир. № 6-24637/22, тиркелет) корутундусу бар.
Комитет бул түзөтүүнү кабыл алат.
2023-жылдын 3-февралында ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоодо “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине кайра кайтарылган.
Бул Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. К. Сулайманов, А. Т. Маткеримов, М. Самыйкожо тарабынан жазуу жүзүндө төмөнкүдөй мазмундагы түзөтүү келип түшкөн:
“Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
5-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Мамлекеттик тилдеги жарнаманын тексти мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык таризделүүгө тийиш.”.
Негиздемеси:
Биздин өлкөдө жарнамалардын тексттери орус тилинен мамлекеттик тилге Google-котормочу аркылуу которулгандыктан, бул кыргыз тилиндеги тексттин бурмаланышына алып келет, ушуга байланыштуу “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүн экинчи сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз.
Белгилей кетүүчү нерсе, жарнамалардын мамлекеттик тилдеги тексттери мамлекеттик тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш.
Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. К. Сулайманов, А. Т. Маткеримов, М. Самыйкожодон келип түшкөн жазуу жүзүндөгү түзөтүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн (2023-жылдын 15-февралындагы кир. № 6-2347/23, тиркелет) корутундусу бар.
Комитет бул түзөтүүнү кабыл алат.
Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектилеринен Мыйзам долбооруна жазуу түрүндөгү башка түзөтүүлөр түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык демилгеленген “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата 2022-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу күчүн жоготту деп таанылсын.
2. “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын депутаттары Ж. Ш. Токторбаев, К.К. Сулайманов, А. Т. Маткеримов М. Самыйкожонун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрүн киргизүү менен жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (тиркелет).
3. Бул маселе боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева аныкталсын.
4. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышына төмөнкүлөр чакырылсын:
-А. Д. Усенбекова - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;
-Г. М. Баатырова - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
-Эсенгул уулу Чыңгыз - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
-Н. С. Базарбаев - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
-А. О. Карасартов - Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары;
-Н. Т. Абдиев - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
-А. А. Мамбеткадыров - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
-Ж. К. Орозобекова - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
-И. Ж. Мойдинов - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары;
-Н. Ж. Умтулов - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
-А. Ш. Тукунов - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;
-Н. К. Орунтаев - Бишкек шаарынын вице-мэри.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева