Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 20-февралындагы “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (3-окуу)

21-02-2023
11:35

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 20-февралындагы

“Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров (2022-жылдын 17-июнундагы кир. № 6-12774/22) тарабынан демилгеленген “Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 2-февралында экинчи окууда кабыл алынган (2023-жылдын 2-февралындагы № 930-VII токтому), Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү үчүн мыйзамдарды инвентаризациялоо, ошондой эле качкындар жаатындагы мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринен жазуу жүзүндөгү сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргеликте техникалык жана редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилди.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үчүнчү окууда кабыл алуу сунушталсын (тиркелет).

2. Бул маселе боюнча баяндоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары  чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                       В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.