Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 20-февралындагы
“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2022-жылдын 10-июнундагы кир. № 6-12045/22) жана “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 929-VΙI токтомун карап чыгып, Мыйзам долбоору архив иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыккандыгын белгилейт.
Үчүнчү окууга даярдоодо бул Мыйзам долбоору боюнча мыйзам чыгаруу демилгечилерден сын-пикирлер жана сунуштар жазуу түрүндө түшкөн эмес.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Мамбеткадыров А. А. жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын директору Алыбаева М. А. ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышына чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева