Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 13-февралындагы
«Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С. А. Айжигитов, Н. К. Кадырбеков, З. Д. Мамасадыков, В.К.Раимбачаева, Д. А. Ашимова, Н. Т. Шакиев, М. А. Маматалиев, Д. Э. Төлөнов, М. О. Темирбаева, А. К. Малиев, Ж. П. Нурбаев, Ч. И. Ажибаев, А. А. Айдарова, Н. Я. Алимжанова, А. Н. Абдибаева, А. Т. Маткеримов, Исатбек кызы Аида, Р. Ш. Жакышов, Э. Э. Жамгырчиев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып (2022-жылдын 1-декабрындагы кир. № 6-23940/22,), төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоордун концепциясы Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун укуктук негиздерин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык стратегиялык башкарууну жана бюджеттик саясатты, республикалык мамлекеттик органдардын, облустардагы жана райондордогу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана алардын стратегиялык пландоо жаатындагы коомдук, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин координациялоого багытталган.
2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:
-ылайык келет.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси.
4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-талап кылынбайт.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн 2022-жылдын 1-декабрындагы кир. № 6-23967/22 корутундусу;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн 2022-жылдын 13-декабрындагы кир. № 6-24837/22 корутундусу;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн 2022-жылдын 12-декабрындагы кир. № 6-24729/22 корутундусу.
6. Эгерде андайлар болгон учурда, көзкарандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-февралындагы №49 тескемеси менен бекитилген «Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (тиркелет).
7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.
-жок.
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
-жок.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1) «Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;
2) Ушул Комитеттин корутундусунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева