Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 13-февралындагы
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Н. О. Сыдыгалиев, М. Самыйкожо, Ш. К. Атазов, Р. Ш. Жакышов, Т. И. Икрамов, У. Б. Бакасов, Н. А. Азыгалиев, Э. Э. Жамгырчиев, С. А. Омурзаков, М. М. Мураталиев, У. З. Ормонов, Ф. Д. Исмаилов, Г. О. Култаева, А.А. Козуев, Б.А. Шабазов, Ы.Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф.А. Алимжанов, Т.А. Масабиров, А.Т. Түмөнбаев, В.К. Раимбачаева, А. Исатбек кызы, А. Т. Маткеримов, Э. Р. Джусупов, Д. Э. Толонов, Ж. Б. Абиров тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22)
“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Ж. Коргонбай уулу, Ш. К. Атазов, Ш. К. Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22)
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Н. О. Сыдыгалиев, М. Самыйкожо, Ш. К. Атазов, Р. Ш. Жакышов, Т. И. Икрамов, У. Б. Бакасов, Н. А. Азыгалиев, Э. Э. Жамгырчиев, С. А. Омурзаков, М. М. Мураталиев, У. З. Ормонов, Ф. Д. Исмаилов, Г. О. Култаева, А. А. Козуев, Б. А. Шабазов, Ы. Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф. А. Алимжанов, Т. А. Масабиров, А.Т. Түмөнбаев, В. К. Раимбачаева, А. Исатбек кызы, А. Т. Маткеримов, Э. Р. Джусупов, Д. Э. Толонов, Ж. Б. Абиров тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Ж. Коргонбай уулу, Ш. К. Атазов, Ш. К. Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы № 891-VΙI жана 892-VΙI токтомдорун карап чыгып, Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын беделин эл аралык спорт коомчулугунда бекемдөөчү спорттук бийик жетишкендиктерге дем берүү максатында иштелип чыккандыгын белгилейт.
Бириктирилген Мыйзам долбоору каралып жаткан учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Ж. Коргонбай уулу, Ш.К. Атазов, Ш.К. Ташиев тарабынан демилгеленген Мыйзам долбооруна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б. К. Чойбеков (2023-жылдын 2-февралындагы кир.№ 6-1567/23) тарабынан төмөнкүдөй сунуштары келип түшкөн:
1. Мыйзам долбоорунун 3-статьясына “биринчи машыктыруучу” түшүнүгүнө төмөнкүдөй аныктама берилсин:
“биринчи машыктыруучу - спорттун белгилүү бир түрү боюнча чемпиондун же байге ээсинин мектепке чейинки (3-6 жаш) жана кенже мектептик (6-10 жаш) жылдарында аны чеберчиликке үйрөтүүгө жана өркүндөтүүгө, функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүгө жетекчилик кылган адис.”
Негиздеме:
Болочок чемпионду же байге ээсин спортко кызыктырып, көпчүлүктүн арасынан алып чыккан эң биринчи машыктыруучуну так көрсөтүү максатында келтирилген сунуш.
2. Мыйзам долбоорунун 311-статьясында машыктыруучулар курамы жана медициналык кызматкерлери үчүн бир жолку акчалай сыйакылар спортсмендин бир жолку акчалай сыйакысынын суммасынан бөлүштүрүү төмөнкүдөй редакцияда келтирилсин:
“Машыктыруучулар курамы жана медициналык кызматкерлер үчүн бир жолку акчалай сыйакылар спортсмендин бир жолку акчалай сыйакысынын суммасынан төмөнкүдөй белгиленет:
-башкы машыктыруу үчүн -25 пайыз өлчөмүндө
-улук машыктыруу үчүн -20 пайыз өлчөмүндө
-жеке машыктыруу үчүн -20 пайыз өлчөмүндө
-биринчи машыктыруу үчүн -15 пайыз өлчөмүндө
-дарыгерлер үчүн -10 пайыз өлчөмүндө
-массажисттер үчүн -5 пайыз өлчөмүндө
-психологдор үчүн -5 пайыз өлчөмүндө "
Негиздеме:
Спортчунун ийгилигине салым кошкон бардык тараптардын салымын адилеттүү түрдө белгилөө жана сыйакыларды салымдарына жараша бөлүштүрүү максатында келтирилген сунуш.
3. Мыйзам долбоорунун мамлекеттик тилдеги редакциясында бүтүндөй тексти боюнча “статья” деген сөздөр “берене” деген сөздөргө алмаштырылсын.
Негиздеме:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Кыргыз Республикасынын укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12- беренесине ылайык, ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери болуп бөлүктөр, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар эсептелет. Мыйзам талаптарын аткаруу жана мамлекеттик тилди бекемдөө максатында жогорудагы сунуш киргизилүүдө.
Ушул сунуштарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн терс корутундусу келип түшкөн.
Корутундуга ылайык, сунуштун демилгечиси “биринчи машыктыруучу” түшүнүгүнө жогорудагы баяндалган редакциядагы аныктаманы сунуштоо менен, атап айтканда мектепке чейинки (3-6 жаш) жана кенже мектептик (6-10 жаш) жылдарындагы аны чеберчиликке үйрөтүүгө жана өркүндөтүүгө, функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүгө жетекчилик кылган адис деп чектөө киргизүүсү, спортчулардын сунушталган жаштан өткөн кезинен баштап (маселен спортчунун15-20 жаш же/жана андан улуу жаш) спортко үйрөткөн машыктыруучу/адистин эмгеги бааланбай калуу тобокелчилиги келип чыгаары белгиленген.
Ошондой эле сунуштун редакциясындагы айрым түшүнүктөр, алсак “мектепке чейинки жана кенже мектептик жылдарында” деген түшүнүктөрдүн билим берүү чөйрөсүндөгү Мыйзамдарга ылайык көрсөтүлбөгөндүгү белгиленет.
Мындан тышкары, 311-беренеси Мыйзам долбооруна киргизилген эмес, анткени Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттин каржылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө жана республикалык бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө, же болбосо анын ресурстарын кыскартууну караган мыйзамдардын долбоорлору Министр Кабинетинин макулдугу менен гана кабыл алынат.
Кошумча, сунуштун демилгечиси Мыйзам долбооруна карата берген түзөтүүлөрүн “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык киргизген эмес, сунуштарды жана түзөтүүлөрдү алардын негиздемеси, салыштырма таблицасы менен бир эле учурда жооптуу комитетке жана эксперттик кызматтарга жөнөтөт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б. К. Чойбеков тарабынан демилгеленген сунуштарды кабыл алган жок.
Биринчи окууда кабыл алынгандан кийин, каралган мыйзам долбооруна мыйзам чыгаруу демилгесинин укук субъектилеринен жазуу түрүндөгү башка сунуштар жана түзөтүүлөр келип түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н. О. Сыдыгалиев, М. Самыйкожо, Ш. К. Атазов, Р. Ш. Жакышов, Т. И. Икрамов, У. Б. Бакасов, Н. А. Азыгалиев, Э. Э. Жамгырчиев, С. А. Омурзаков, М. М. Мураталиев, У. З. Ормонов, Ф. Д. Исмаилов, Г. О. Култаева, А. А. Козуев, Б. А. Шабазов, Ы. Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф. А. Алимжанов, Т. А. Масабиров, А. Т. Түмөнбаев, В. К. Раимбачаева, А. Исатбек кызы, А. Т. Маткеримов, Э. Р. Джусупов, Д. Э. Толонов, Ж. Б. Абиров тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Ж. Коргонбай уулу, Ш. К. Атазов, Ш. К. Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору бириктирилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алуусу сунушталсын (мыйзам долбоорунун бириктирилген тексти тиркелет).
2. Ушул Мыйзамдын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.
3. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. А. Максутов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору К. К. Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Ж. К. Дуйшеева чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.
Мыйзам долбоорунун материалдары.