Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 13-февралындагы “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (3-окуу)

14-02-2023
16:35

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин 

2023-жылдын 13-февралындагы

“Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата 

КОРУТУНДУСУ

“Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы № 875 -Ⅶ токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Түлөбаев, М.Маматалиев, А.Козуев, У.Бакасов, Т.Сарыбашев, Ж.Абиров тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-майындагы кир. № 6-10191/22), “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети ушул Мыйзамдын долбоорунун максаты ыктыярчылыктын негиздерин белгилөө жана ишке бүтүн, бирдиктүү мамилени калыптандыруу болуп саналарын белгилейт. 

Үчүнчү окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн эмес.

Жогоруда баяндалгандын жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (тиркелет) жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                 В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.