Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 30-январындагы “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

31-01-2023
09:48

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 30-январындагы

“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У. Б. Примов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып (2022-жылдын 3-ноябрындагы кир. № 6-22102/22), төмөнкүлөрдү белгилейт:

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде Кыргыз Республикасына көчүрүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:  

-ылайык келет жана этникалык кыргыздарды көчүрүү процессин жакшыртууну көздөйт.

3. Жөнгө салуу ченемдик базасынын мыйзам долбоору тарабынан каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү абалы:

-“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы”.

4. Жеке ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзамдын долбооруна регулятивдик таасир этүүнү талдоого алуунун натыйжасы боюнча сунуштар:

-жок (талап кылынбайт).

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундусу боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн (2022-жылдын 23-ноябрындагы кир. № 6-23340/22) корутундусу тиркелет.

-Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн (2022-жылдын 16-ноябрындагы кир. 6-22868/22) корутундусу тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжасы боюнча сунуштар, эгер алар болсо:

-жок.

7. Алар жүргүзүлгөн учурда, жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыгы боюнча сунуштар:

-жок.

8. Мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э. Ж. Байсаловдун колу менен жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин катында, (2022-жылдын 12-декабрындагы кир. № 6-3259) кайрылман статусун берүү үчүн Кыргыз Республикасынын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, арыз берүүнүн так мөөнөттөрүн белгилөөнү ылайыктуу деп эсептейт.

Мындан тышкары, этникалык кыргыздар жана кайрылмандар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык, жеке колдонула турган жеке менчик автотранспорт каражаттары менен, бажы чек арасы аркылуу өтүүгө укуктуу жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылынарын белгилейт.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул Мыйзам долбоорун кабыл алуунун кажети жок деп эсептейт.

9. Комитет мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Мыйзам долбооруна Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча Комитети төмөнкүдөй корутунду чыгарды:

1. “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана биринчи окууда кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Бул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

Комитеттин  төрайымы                                                                                                                                    В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.