Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 30-январындагы «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

31-01-2023
09:43

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 30-январындагы

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-октябрындагы кир. №6-21384/22) «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2022-жылдын 28-декабрындагы № 799-VII токтомун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзам долбоору 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризациялоонун алкагында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдары Конституцияга ылайык иштелип чыкты.

Конкреттештирүү максатында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү иштеп жаткан мыйзамдардын бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасын мыйзамдарында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында», «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына», «Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында»  деген сөздөргө алмаштырылды, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу  салык органдарга бергенге байланыштуу «камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөргө алмаштырылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, иштеп жаткан мыйзамдардын текстинде «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылды.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринен сунуштар же сын-пикирлер келип түшкөн эмес.

Жогоруда баяндалгандын негизинде «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык,  Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын; 

2. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө баяндама жасоо Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы В.К. Раимбачаевага жүктөлсүн;

3. Бул маселени Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                 В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.