Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын  30-январындагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

31-01-2023
09:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын  30-январындагы

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунуш кылган (2022-жылдын 29-сентябрындагы кир.№6-18953/22) жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 733-VII токтомуна ылайык толуктап иштеп чыккан «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, буларды белгилейт, Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү улуттук стратегиясына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун пенсиялык саясатынын чөйрөсүн реформалоо максатында мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, пенсияларды дайындоонун камсыздандыруу принциптерин күчөтүү аркылуу иштеп чыккан.

Мыйзам долбоорун экинчи окууда даярдоодо Жогорку Кеңештин депутаттарынын төмөнкүдөй сунуштары каралган:

-депутат Д.Д.Бекешев мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарды ээлеген аялдар 2023-жылы 59 жашка, ал эми 2024-жылдан тартып 60 жашка жеткенден кийин курагы боюнча пенсияга укук берген ченемдерди алып салуу жөнүндө долбоордун 1-беренесинин 4-пунктуна сунуш киргизген (2022-жылдын 19-декабрындагы кир.№6-25221/22). Түзөтүү кабыл алынды;

ошондой эле ал бардык иштеп жаткан, саясий мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын, атайын кызмат орундарын ээлеген, ошондой эле экс-президенттик статусу бар пенсионерлерге пенсиялардын базалык бөлүгүн төлөөнү убактылуу токтотууну жайылтуу жөнүндө сунуш киргизген. Жогорку Кеңештин Аппаратынын экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусуна (2022-жылдын 23-декабрындагы № 6-25764/22) ылайык пенсияларды төлөөдөгү чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келет. Аны менен бирге, Социалдык саясат боюнча комитет түзөтүүнү кабыл алды, атайын кызматтагыларды жа экс-президентерди эске албай.

автор кызматтык кылмыштар жана жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга пенсияны төлөөгө тыюу салуу жөнүндө 31-беренеге түзөтүүлөрдү киргизген. Социалдык саясат боюнча комитет Мыйзамдын түзөтүүнү кабыл алды..

-депутат Э.Ж.Сурабалдиева түзөтүү киргизген (2022-жылдын 22-декабрындагы кир.№6-25580/22), анда пенсионердин сөөгүн коюуга жөлөк пул 200 эсептик көрсөткүчтөн 300 эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйтүлөт. Түзөтүүнү Комитет колдоду.

-депутат А.Т.Маткеримов баккан адамынан ажыраганы боюнча окуучуларга пенсияларды төлөө мөөнөтүн 23 жаштан 25 жашка чейин узартуу жөнүндө түзөтүү (2023-жылдын 16-январындагы кир.№ 6-359/23) киргизген. Түзөтүүнү Комитет колдоду.

-депутат Ж.Э.Садырбаева Социалдык фонддун линиясы боюнча пенсия же социалдык коргоо линиясы боюнча социалдык жөлөк пул алууга майыптын же баккан адамынан ажыраган адамдын тандоо укугу жөнүндө сунуш (2022-жылдын 22-декабрындагы кир.№6-25682/22) киргизген жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Жогорку Кеңештин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусуна (2022-жылдын 27-декабрындагы кир.№6-26003/22) ылайык көрсөтүлгөн түзөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын козгойт жана анын макулдугунан кийин кабыл алынышы мүмкүн, ошондой эле алар мыйзам долбоорунун концепциясынын алкагынан чыгат жана өзүнчө мыйзам долбоору менен таризделүүгө тийиш. Түзөтүүнү Комитет кабыл алган жок.

Мыйзам мурункуларга карата колдонулбай тургандыгына байланыштуу Комитет аны 2023-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө киргизүүнү сунуш кылат.

Жогоруда баяндалгандардын жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (тиркелет) жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аны экинчи окууда кабыл алуу сунушталсын;

2) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө баяндама менен сүйлөө Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы В.К. Раимбачаевага тапшырылсын;

3) Бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б.Дж. Алиев жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К. Дуйшеева чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                 В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.