Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 30-январындагы “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (3-окуу)

31-01-2023
09:33

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 30-январындагы

“Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2022-жылдын 29-июнундагы кир. № 6-14293/22) жана “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 792-VΙI токтомун карап чыгып, Мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккандыгын белгилейт.

Үчүнчү окууга даярдоодо бул Мыйзам долбоору боюнча мыйзам чыгаруу демилгечилерден сын-пикирлер жана сунуштар жазуу түрүндө түшкөн эмес.

 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин төмөнкү адамдары чакырылсын:

-директор Керимбаева Р. Т.

-директордун биринчи орун басары Мойдинов И. Ж.;

-укук башкармалыгынын начальниги Аттокурова А. Т.;

-экспертиза башкармалыгынын начальниги Адилов Т.М.;

-автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги Турсуналиева Ы. Т.;

-инновациялар жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Мустапакулова А. П.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                  В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.