Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 23-январындагы
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 21-ноябрындагы кир. №6-23177/22) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун концепциясы инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү максатында иштелип чыкты.
2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкеш келиши:
-шайкеш келет.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд консервативдик инвестициялык саясат жүргүзүүдө, анткени камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарынын сактыгын камсыздоонун маанилүүлүгү алардын кирешелүүлүгүнөн жогору турат. Ал эми жайгаштырылган пенсиялык активдердин бир кыйла үлүшүн МБК жана коммерциялык банктардагы депозиттер (100%) сыяктуу салттуу финансылык инструменттер ээлейт. Өз кезегинде пенсиялык системанын акырындык менен өнүгүшү чендердин туруктуу кирешелүүлүк инструменттерине төмөндөп кетүү тобокелдигине алып келет. Ушуга байланыштуу пенсиялык топтоо каражаттарын көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялык топтоолорду баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина жана башка баалуу металлдар) сыяктуу жаңы финансылык инструменттерге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына инвестициялоо үчүн активдердин тизмегин кеңейтүүнү сунуштайт, пенсиялык топтоолор инвестиция булагы катары узак мөөнөтүү болгондуктан, баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина) сыяктуу активдерге жайгаштыруу максатка ылайыктуу болот.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында бул Мыйзамдын долбоору менен резервдик фонд түзүү сунушталууда.
Топтомо пенсиялык система пенсиялык төгүмдөр азыркы пенсионерлерге төлөмдөргө дароо чыгымдалбастан, келечектеги төлөмдөрдү камсыздоо үчүн камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсебине топтолору менен бөлүштүрүү системасынан айырмаланып турат. Ошондуктан, каражат ар кандай күтүлбөгөн жагдайларды эске алуу менен, ар кандай датага жетиштүү болушу зарыл. Ошондуктан финансылык туруктуулукту камсыздоо үчүн резервдерди түзүү керек.
3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган жөндөөчү таасирин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунуштар:
-талап кылынбайт.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн (2022-жылдын 8-декабрындагы кир. №6-24513/22) корутундусу тиркелет;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн (2022-жылдын 2-декабрындагы кир. №6-24101/22) корутундусу тиркелет.
6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
7. Жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар, алар жүргүзүлгөн учурда:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:
-Мыйзам долбоору Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын 16 -январында жыйынында жактырылды.
9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясын жактырылсын жана биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын;
2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасына тапшырылсын.
3. бул Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин жыйынында кароодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын төрагасынын орун басары К. Э. Куленбеков чакырылсын.
Комитеттин төрагасынын орун басары А. Т. Маткеримов
Мыйзам долбоорунун материалдары.