Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 23-январындагы “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (3-окуу)

24-01-2023
16:30

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 23-январындагы

“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (2022-жылдын 30-июнундагы кир. №6-14472/22), “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы №756-VII токтомуна ылайык карап чыгып, Мыйзамдын максаты болуп жумушсуздардын жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо укугун алуу шарттарын жеңилдетүүгө, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саналарын белгилейт.

Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үчүнчү окууда кабыл алуусу сунушталсын;

2) “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В.К.Раимбачаевага тапшырылсын;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Б.Базарбаев чакырылсын.

Комитеттин төрагасынын орун басары                                                                                                                   А.Т. Маткеримов

Мыйзам долбоорунун материалдары.