Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 16-январындагы “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

18-01-2023
19:19

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 16-январындагы

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Коргонбай уулу Жусупбек, Ш.Атазов, Ш.Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкөлөрдү белгилейт.

1. Бул Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана эл аралык спорттук коомчулукта Кыргыз Республикасынын улуттук аброюн арттыруучу жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү, кызыктыруу максатында иштелип чыккан.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайыктуулугу:

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердик иштерди жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна болгон жөнгө салуучулук таасирди талдоонун жыйынтыктары боюнча сунуштар:

маалымкат-негиздемеге ылайык, Мыйзам долбоору жөнгө салуучулук таасирди талдоого жатпайт, анткени ал ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салууга багытталган эмес.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 20-июлундагы кир. №6-15772/22) тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 30-августундагы кир. №6-17048/22) тиркелет.

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (2022-жылдын 14-октябрындагы № 675 буйругу) тиркелет. 

6. Министрлер Кабинетинин, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусуна ылайык, курама командалардын башкы жана улук машыктыруучуларын дайындоонун тартибин аныктоо максатында мыйзам долбоорунун он биринчи жана он экинчи абзацтарын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо зарыл:

“курама команданын башкы машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндарда, Азия жана Азия Паралимпиадалык оюндарында, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде спорттун түрү боюнча курама команданы жетектөөгө, даярдоого, түзүүгө жана чыгарууга жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;

курама команданын улук машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана спортчулардын Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн аныкталган спорттун түрү боюнча кесиптик даярдоону, окутууну, спорттук-машыктыруу процессинин дене тарбиялык, теориялык, моралдык-эрктик, техникалык жагын өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;”.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106-беренесине ылайык бюджеттик каражаттарды чыгашалоого ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган эрежелер боюнча аныкталат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине ылайык бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен жумшалган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсептер. Ошентип, бюджетти аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик каражаттарды жеке банктык эсептерге которууга ыйгарым укуктарга ээ эмес. Мындан тышкары, кандай иш-чаралардан кийин сый акы которула турган тартип көрсөтүлгөн эмес.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле сый акынын градациясын белгилөө максатында мыйзам долбоорунун 311-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

“Дене тарбия жана спорт жаатында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлыктар түрүндөгү мамлекеттик төлөмдөр жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.”.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.

7. Өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгерде өткөрүлгөн болсо:

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуу жол-жобосунан өттү жана талкуунун жыйынтыгында сунуштар менен сын-пикирлер түшкөн жок.

8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-жок.

9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

-жок .

10. Комитеттин сунуш-пикирлери:

Комитет «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мыйзамдардын альтернативдүү долбоорлору болгон учурда жооптуу комитет аларды бир эле учурда карайт жана Жогорку Кеңешке бир мыйзам долбоорун кабыл алууну жана калгандарын четке кагууну же болбосо бардык мыйзам долбоорлорун бириктирүүнү же четке кагууну сунуштай тургандыгын белгилейт.

Ушуга байланыштуу Комитет сунуштайт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Н. О. Сыдыгалиев, М. Самыйкожо, Ш. К. Атазов, Р. Ш. Жакышов, Т.И. Икрамов, У. Б. Бакасов, Н. А. Азыгалиев, Э. Э. Жамгырчиев, С. А. Омурзаков, М. М. Мураталиев, У. З. Ормонов, Ф. Д. Исмаилов, Г. О. Култаева, А. А. Козуев, Б. А. Шабазов, Ы. Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф. А. Алимжанов, Т. А. Масабиров, А. Т. Түмөнбаев, В. К. Раимбачаева, А. Исатбек кызы, А. Т. Маткеримов, Э. Р. Джусупов тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Коргонбай уулу Жусупбек, Ш.Атазов, Ш.Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда бириктирилип каралсын.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы Комитеттин сунуштары менен жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Н.О. Сыдыгалиев, М.Самыйкожо, Ш.К. Атазов, Р.Ш. Жакышов, Т.И. Икрамов, У.Б. Бакасов, Н.А. Азыгалиев, Э.Э. Жамгырчиев, С.А. Омурзаков, М.М. Мураталиев, У.З. Ормонов, Ф.Д. Исмаилов, Г.О. Култаева, А.А. Козуев, Б. А. Шабазов, Ы.Ы. Атажанов, А. Алтынбеков, Ф. А. Алимжанов, Т. А. Масабиров, А. Т. Түмөнбаев, В.К. Раимбачаева, А. Исатбек кызы, А.Т. Маткеримов, Э.Р. Джусупов тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 4-июлундагы кир. № 6-14749/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Коргонбай уулу Жусупбек, Ш. Атазов, Ш.Ташиев тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 30-июнундагы кир. № 6-14458/22) “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда бириктирилип каралсын.

1. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбекке тапшырылсын.

2. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. А. Максутов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору К. К. Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Ж. К. Дуйшеева, жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А. К. Абдувапов чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                              В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.