Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 16-январындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

18-01-2023
19:06

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат  боюнча комитетинин

2023-жылдын  16-январындагы

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

 КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 734-VII токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров  тарабынан демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоорун карап чыгып (2022-жылдын 23-сентябрындагы чыг. № 18-11968), Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүүнүн алкагында даярдалгандыгын  белгилейт.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө мыйзам чыгаруу субъекттеринен сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Жогоруда белгиленгендердин негизинде «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алуу сунушталсын (тиркелет).

2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумуна Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри  чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                   В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.