Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 16-январындагы “Волонтердук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

18-01-2023
19:01

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын  16-январындагы

“Волонтердук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

“Волонтердук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 607-Ⅶ токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Түлөбаев, М.Маматалиев, А.Козуев, У.Бакасов, Т,Сарыбашев, Ж.Абиров тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-майындагы кир. № 6-10191/22), “Волонтердук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети ушул Мыйзамынын долбоорунун максаты волонтердуктун негиздерин белгилөө, волонтердук ишке бүтүн, бирдиктүү мамилени калыптандыруу болуп саналарын белгилейт.

Экинчи окууга даярдоодо ушул Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2022-жылдын 10-августундагы кир. № 6-16473/22) сунуштары жана сын-пикирлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык Мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 2022-жылдын 20-сентябрындагы
(2022-жылдын 27-сентябрындагы кир. № 6-19044/22) сунуштары жана сын-пикирлери, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы (2022-жылдын 6-октябрындагы кир. № 6-20018/22) сунуштары жана сын-пикирлери, Жогорку Кеңештин депутаттары Д.Д. Бекешевдин, Б.З. Түлөбаевдин (2022-жылдын 22-ноябрындагы кир. № 6-23280/22, 2022-жылдын 28-декабрындагы кир. № 6-26049/22) сунуштары каралды.

Атап айтканда, депутат Б.З. Түлөбаевдин сунушу боюнча мыйзам долбоорунун аталышы мамлекеттик тилде “Ыктыярчылык иш жөнүндө” деп алмаштырылды, бүткүл текст боюнча “волонтер” деген сөз тиешелүү жөндөмөдө жана санда “ыктыярчы” деген сөзгө алмаштырылды, “волонтердук”, “волонтерлук” деген сөз “ыктыярчылык” деген сөзгө алмаштырылды.

Депутат Д.Д. Бекешев тарабынан долбоордун 4-беренесинин
2-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарындагы “саясий партиялардын” деген сөздөрдү алып салуу сунушталды. Ошондой эле депутат Б.З. Түлөбаевден (2022-жылдын 28-декабрындагы кир. № 6-26049/22) долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “Саясий партиялардын, диний уюмдардын ыктыярчылык иш жүргүзүүсүнө тыюу салынат.” Деген сүйлөмдү алып салуу тууралуу сунуш берилди. Депутат Б.З. Түлөбаевдин сунушу кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык Мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин корутундуларында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин ченемдери бузулгандыгы көрсөтүлгөн, ушуга байланыштуу түзөтүү кабыл алынган жана волонтердук иш эмгек ишмердиги болуп эсептелбейт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы №5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык бланкеттик шилтемелерди алып салуу сунушталат.

Жогоруда баяндалгандын жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Социалдык саясат боюнча комитет төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) “Волонтердук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (тиркелет) жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2) “Волонтердук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В.К. Раимбачаевага тапшырылсын;

3) Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары чакырылсын.

Комитеттин төрайымы                                                                                                                                     В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.