Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 26-декабрындагы “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

27-12-2022
14:11

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 26-декабрындагы

“Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык 2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган (2022-жылдын 16-ноябрындагы № 633-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2022-жылдын 22-июнундагы кир. № 6-13368/22) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Мыйзам долбоору «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына шайкеш келтирүү үчүн, ошондой эле бланкеттик жана коррупциялык ченемдерди жоюу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж. Ш. Токторбаевден жазуу жүзүндө түзөтүү келип түшкөн:

-“Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16 - берененин 1- жана 2 - бөлүктөрүндөгү “алкоголдук продукция” деген сөздөр ар кандай тиешелүү жөндөмөлөрдөгү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “алкоголдук продукция жана энергетикалык суусундук” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Негиздемеси:

Бүгүнкү күнү энергетикалык суусундуктар көп жерлерде жарнамаланып, аны алкоголсуз деп жаш-каары дебей ичип жатышат.

Энергетикалык суусундуктардын курамында кофеин жана кант көп камтылгандыктан адамдын ден соолугуна абдан зыяндуу жана организмдин бул ичимдикке көнүүсүнө алып келет.

Энергетикалык суусундукту адамдар көп ичсе организмде сахардын көбөйүшүнө, кан басымынын жогорулашына, жүрөк ооруларына, каза болуп калууга чейин алып келиши мүмкүн.

Комитет бул түзөтүүнү кабыл алат.

Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектилеринен Мыйзам долбооруна жазуу түрүндөгү башка түзөтүүлөр түшкөн жок.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Жарнама жөнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж. Ш. Токторбаевдин кабыл алынган түзөтүүсүн киргизүү менен жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (тиркелет).

3. Бул маселе боюнча баяндама менен чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаева аныкталсын.

4. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйналышына чакырылсын:

-А. Д. Усенбекова - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;

-Эсенгул уулу Чыңгыз - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;

-Г. М. Баатырова - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

-Н. С. Базарбаев - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;

-А. О. Карасартов - Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары;

-Н. Т. Абдиев - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;

-А. А. Мамбеткадыров - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

-Ж. К. Орозобекова - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары;

-И. Ж. Мойдинов - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары;

-Н. Ж. Умтулов - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

-А. Ш. Тукунов - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары;

-В. А. Мозгачева - Бишкек шаарынын вице-мэри.

Комитеттин тѳрагасы                                                                                                                                        В. К. Раимбачаева