Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын  26-декабрындагы «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

27-12-2022
14:07

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат  боюнча комитетинин

2022-жылдын  26-декабрындагы

«Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы № 541-VII токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров  тарабынан демилгелеген «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жеткире иштелип чыккан долбоорун карап чыгып (2022-жылдын 17-июнундагы кир. № 6-12774/22,), Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү үчүн, ошондой эле качкындар жаатындагы мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккандыгын белгилейт.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты В. К. Раимбачаевадан Мыйзам долбооруна сунуш келип түштү  (2022-жылдын 16-ноябрындагы кир. № 6-22862/22 тиркелет). Атап айтканда, депутат иштеги «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин «жолкире документи» деген түшүнүк менен жана 151–беренеси менен толуктоону сунуштаган.

Ошондой эле 13-беренеге качкындар Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар медициналык жардам алууга укуктуу деген жаңы абзац менен толуктоо сунушталууда.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты В. К. Раимбачаеванын кабыл алынган сунуштарын киргизүү менен жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алуу сунушталсын (тиркелет).

2. «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Б. Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У. О. Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри Т. О. Иманов, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Р. А. Мамасадыков чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                         В. К. Раимбачаева