Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын  26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

27-12-2022
14:00

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын  26-декабрындагы

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 28-сентябрындагы кир. № 6-19218/22) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга туура келүүсү:

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралуучу коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар: 

-жок.

5.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн  экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 24-октябрындагы кир. №6-21254/22) тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 1-декабрындагы кириш № 6-23978/22) тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар, эгер алар болсо:

-жок.

7. Эгер өткөрүлгөн болсо, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн 2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун http://koomtalkuu.gov.kg бирдиктүү порталына жана 2021-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын http://mamtil.kg расмий сайтына жайгаштырылган. Ошондой эле жарандык коомдун, илимий-эксперттик топтордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда конституциялык Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Коомдук талкуунун жүрүшүндө конструктивдүү сунуштар жана ой-пикирлер сунушталып, анын жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын соңку долбоорун жеткире иштеп чыгууда берилген сунуштар толугу менен эске алынды.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардан, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-Мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан 2022-жылдын 13-декабрында жактырылган.

9. Комитетин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

-жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж. К.Орозобековага тапшырылсын.

3. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж. К.Орозобекова чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                          В. К. Раимбачаева