Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 19-декабрындагы «Жаштар жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

20-12-2022
14:55

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 19-декабрындагы

«Жаштар жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2- июнундагы кир. № 6-11047/22 каты) тарабынан демилгеленген «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоору жаштардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун таасирдүү механизмдерин белгилөө, ошондой эле “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы ченемдерин актуалдаштыруу максатында даярдалган. Бул мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан.

2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:

-ылайык келет.

Бул Мыйзам анын айрым жоболорун күчтөндүрө турган мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу жолу менен аны натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караштырат, аларды практикада ишке ашыруунун тартибин аныктайт.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-талап кылынбайт.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн 2022-жылдын 3-июнундагы кир. № 6-11214/22 корутундусу (көчүрмөсү тиркелет);

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн 2022-жылдын 20-июнундагы кир. № 6-12983/22  корутундусу (көчүрмөсү тиркелет);

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн 2022-жылдын 7-октябрындагы кир. № 6-20062/22  корутундусу (көчүрмөсү тиркелет).

6. Эгерде андайлар болгон учурда, көзкарандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок.

7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:

-жок.

8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу (2022-жылдын 17-октябрындагы, 2022-жылдын 3-ноябрындагы кир. № 6-22121/22).

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн  корутундуларындагы  белгиленген  сунуштарды жана сын-пикирлерди  эске алуу  менен тиешелүү  өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын;

2) «Жаштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында кароодо баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Аскарович Максутовго жүктөлсүн;

3) Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Надырбеков Союзбек  Надырбекович чакырылсын.

 Комитеттин төрагасы                                                                                                                                    В. К. Раимбачаева