Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 14-ноябры «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө комитеттин КОРУТУНДУСУ

22-11-2016
11:17

 

«Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча Комитетинин

КОРУТУНДУСУ

 

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (2016-жылдын 30-июнундагы № 360-токтом) демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынганы жөнүндө» токтомуна ылайык, кайта иштелип чыккан «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Мыйзамдын долбоору «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келтирүүсүнө багытталганын белгилейт.

Мыйзамдын долбоорун 2016-жылдын 20-октябрында биринчи окууда талкуулоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан кат түрүндө пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жана баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча Комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

  1. «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна экинчи окууда киргизилсин.
  2. Ушул Мыйзамдын долбоору жөнүндө маселе боюнча баяндама менен чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасына тапшырылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын юстиция министри чакырылсын.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        Садык ШЕР-НИЯЗ