Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 19-декабрындагы “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

20-12-2022
14:51

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 19-декабрындагы

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 25-октябрындагы кир. №6-21384/22) «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, тѳмѳнкүлѳрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризациялоонун алкагында  жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарын конституцияга ылайык иштелип чыкты.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкеш келиши:

-шайкеш келет.

Конкреттештирүү максатында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү иштеп жаткан мыйзамдарынын бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасын мыйзамдарында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында», «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына», «Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында»  деген сөздөргө алмаштырылды, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу  салык органдарга бергенге байланыштуу «камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөргө алмаштырылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, иштеп жаткан мыйзамдарынын текстинде «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөргө алмаштырылды.

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган жөндөөчү таасирин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунуштар:

-талап кылынбайт.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн (2022-жылдын 11-ноябрындагы кир. №6-22525/22) корутундусу тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн (2022-жылдын 9-ноябрындагы кир. №6-22335/22) корутундусу тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок.

7. Жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар, алар жүргүзүлгөн учурда:

-жок.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-жок.

9.  Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясын жактырылсын жана биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын; 

2. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасына тапшырылсын.

Комитеттин тѳрагасы                                                                                                                                                     В. К. Раимбачаева