Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 19-декабрындагы
“Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2022-жылдын 6-июлундагы кир. № 6-14995/22) жана “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 604-VΙI токтомун карап чыгып, Мыйзам долбоору инновациялык ишти жүзөгө ашыруу, инновацияларды коммерциялаштыруу жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын белгилейт.
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө 2022-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети «Инновациялык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Ашымовадан (2022-жылдын 12-декабрындагы кир.№ 6-24646/22) мыйзамдык күчү жогору болгон ченемдик актылардын концептуалдык аппаратын “бизнес-ангел” аныктамасы менен толуктоо сунушу түшкөн, карама-каршылыктарды болтурбоо үчүн.
Башка ченемдик укуктук актыга “бизнес-ангел” деген аныктаманы киргизүү үчүн жаңы мыйзам долбоорун демилгелөө зарыл.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. Парламенттик угуунун сунуштарын эске алуу менен “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Р. Т. ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышына чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева