Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын  19-декабрындагы “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

20-12-2022
14:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын  19-декабрындагы

“Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (2022-жылдын 1-июнундагы кир. № 6-10965/22) жана “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 402-VΙI токтомун карап чыгып, Мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү, жарандык жүгүртүүгө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүүнүн жаңы каражаттары иштелип чыккандыгын белгилейт.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө 2022-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынан жазуу жүзүндөгү сунуштар келип түшкөн жок.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. Парламенттик угуунун сунуштарын эске алуу менен “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Р. Т. ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышына чакырылсын.

Комитеттин төрагасы                                                                                                            В. К. Раимбачаева