Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 19-декабрындагы
“Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сунушталган “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. № 6-10640/22, 2022-жылдын 30-майы) жана “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы №667-VII токтомун карап чыгып, ушул Мыйзамдын долбоорунда инвентаризация өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын айрым ченемдерин конкреттештирүү максатында техникалык жана редакциялык өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилейт.
Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускамага ылайык Мыйзам долбоорунун аталышы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына”, “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)” деген аталышка өзгөртүлдү, анткени үч же андан ашык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жөнгө салуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүн кыскача көрсөтүүгө гана жол берилет.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренеге ылайык жана жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына”, “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Жогорку Кеңешине сунушталсын;
2) Ушул Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын;
3) Бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри чакырылсын.
Комитеттин тѳрагасы В. К. Раимбачаева