Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 14-ноябрындагы “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө комитеттин Корутундусу

22-11-2016
10:49

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин

 

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

КОРУТУНДУСУ

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Пирматов, Ч.И. Жакупова, А.У. Жапаров, А.Т. Сулайманов, М. И. Бакиров (кириш № 6-3858/16, 2016-жылдын 10-февралы) сунуш кылган “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө” 2016-жылдын 13-октябрындагы № 972-VI токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Мыйзам долбоору юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын мүчөлөрүнө реалдуу өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрүн белгилөөгө багытталганын белгилейт.

Мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Мыйзам чыгаруу демилгеси субъектилеринен сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Жогоруда баяндалгандын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети төмөнкү корутундуга келет:

1) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кабыл алуусу сунушталсын (тиркелет);

2) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы аныкталсын;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы чакырылсын.

 

Комитеттин төрагасы                                     Садык ШЕР-НИЯЗ