Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык саясат боюнча комитети “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карады

12-12-2022
12:40

Бүгүн, 12-декабрда Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Аталган Мыйзам долбоорунун максаты болуп жумушсуздардын жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо укугун алуу шарттарын жеңилдетүүгө, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саналат.

Жыйынтыгында Комитеттин мүчөлөрү бир добуштан мыйзам долбоорун колдошту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алууну сунуштады.