Түз
эфир
Бүгүн, 12-декабрдагы Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
Аталган Мыйзам долбоору социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк, предметти жөнгө салуунун зарылдыгы, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, жетиштүүлүк принциптерине шайкеш келтирүү, ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, укуктагы боштуктарды жоюуга багытталган.
Жыйынтыгында Комитеттин мүчөлөрү бир добуштан мыйзам долбоорун экинчи окууда колдошту.