Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын  12-декабрындагы  “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата  Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

13-12-2022
15:59

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын  12-декабрындагы

 “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата  

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (кир. № 6-15750/22, 2022-жылдын 20-июлу) жана “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 582-VII токтомун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзамдын долбоору мыйзам ченемдерин оптимизациялоо жана коомдун экономикалык жана саясий жашоосуна катышкан улгайган жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган, тиешелүү чөйрөдө мол тажрыйбасы болгон улгайган жарандарды тармактык милдеттерди чечүүгө катыштыруу үчүн жана аларга акы төлөө үчүн мамлекеттик органдар бюджеттен тышкаркы каражаттарды донорлордон тартуусу каралган. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар мезгилинде мамлекеттик колдоого улгайган жарандардын укуктарын жөнгө салган ченем киргизилүүдө. Улгайган жарандардын активдүү узак жашоосу үчүн улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат жаңы принциптер менен толукталууда. Ошондой эле редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр каралган.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.

 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренеге ылайык жана жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

1) “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын (тиркелет) жана аны экинчи окууда кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине  сунушталсын;

2) “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын;

3) Бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри чакырылсын.

Комитеттин тѳрагасы                                                                                                                                         В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.