Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 12-декабрындагы “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

13-12-2022
15:46

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 12-декабрындагы

“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата 

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир. №6-14472/22, 2022-жылдын 30-июну), “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-октябрындагы №581-VII токтомуна ылайык карап чыгып, Мыйзамдын максаты болуп жумушсуздардын жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо укугун алуу шарттарын жеңилдетүүгө, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саналарын белгилейт.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешевден сунуш келип түшкөн (кир. №21623/22, 2022-жылдын 27-октябры, тиркелет). Бекешев Д.Д. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча ченемдерди сактоону сунуштады. Ошону менен бирге, иш жүзүндө ыйгарым укуктуу органдар акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча иштебейт жана бул иш-милдетти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук уюмдары жүзөгө ашырышкан. Түзөтүү четке кагылды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;

2) “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В. К. Раимбачаевага тапшырылсын;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Б. Базарбаев чакырылсын.

Комитеттин төрайымы                                                                                                                                        В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.