Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 12-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (2-окуу)

13-12-2022
15:42

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 12-декабрындагы

“Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир. №6-14209/22, 2022-жылдын 29-июну), “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы №606-VII токтомуна ылайык карап чыгып, Мыйзамдын максаты болуп “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Конституцияга, социалдык адилеттүүлүк, өнөктөштүк, предметти жөнгө салуунун зарылдыгы, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, жетиштүүлүк принциптерине шайкеш келтирүү, ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, укуктагы боштуктарды жоюу саналарын белгилейт.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо депутаттардан жана мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттеринен сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эмес.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык жана жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (тиркелет) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;

2) “Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө” маселе боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы В.К. Раимбачаевага тапшырылсын;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Б. Базарбаев жана Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Э. Ш. Кызаев чакырылсын.

Комитеттин төрайымы                                                                                                                                                           В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.