Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2022-жылдын 7-декабрындагы "2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган ​​​​​​​Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

07-12-2022
15:41

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2022-жылдын 7-декабрындагы

"2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан сунушталган “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир. №6-22855/22, 2022-жылдын 16-ноябры) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга багытталган.

2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:

-ылайык келет.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан «Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбооруна каржыланган 30,0 млн АКШ доллары (кредит) төмөнкүлөргө багытталган: үй-бүлөлөрдүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизген экономикалык кризистин кесепеттерин жеңилдетүү; убактылуу турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө; иш табуу кыйын болгон топторго иш орундарын жана киреше табуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү; калктын максаттуу топторуна колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун, кесиптик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жана жакыр жана аярлуу жаштар арасында ишке орноштуруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

Социалдык контрактты ишке ашыруунун максаты - экономикалык интеграциялык чараларды ишке ашыруу аркылуу бенефициарлардын айыл жергесине басым жасоо менен киреше алып келүүчү ишмердүүлүккө өтүүсүнө көмөктөшүү болуп эсептелет.

Социалдык контракты ишке ашыруунун алкагында социалдык адаптациялоо программасын иштеп чыгуу жана бизнес-пландарды түзүү боюнча минималдуу көндүмдөргө кеңири окутуу өткөрүлөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат системасында социалдык контракт боюнча модулду иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун алкагында жумушсуз жаш жарандар окуу мезгилинде стипендия менен камсыз болушат.

Жаштар программасынын маңызы жумушсуздарды ишке орноштурууга көмөктөшүү кызматы менен иш берүүчү менен келишимдин негизинде эмгек акысын каржылоо менен жумуш орундарын түзүү болуп саналат.

 3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-сунушталган долбоор жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, себеби ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (кир. №6-23480/22, 2022-жылдын  24-ноябры) тиркелет;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (кириш № 6-23273/22, 2022-жылдын 22-ноябры) тиркелет.

6. Эгерде андайлар болгон учурда, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок.

7. Алар өткөрүлгөн учурда  коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:

-Мыйзам долбоору жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгобойт жана ишкердикти жөнгө салбайт, ошондуктан коомдук талкуулоо жол-жобосуна жатпайт.

8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.

-жок.

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-жок.

Баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1) “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын;

2) корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жиберилсин.

Комитеттин төрайымы                                                                                                                                                   В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.