Бүгүн, 2-декабрда Социалдык саясат боюнча комитети “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу”, “Патент мыйзамы”, “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү Мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна баяндама жасады.
Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары Мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуунун сунуштамаларын кабыл алышты. Кабыл алынган сунуштамалар Мыйзам долбоорлорун экинчи окууга даярдоодо эске алынат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна экинчи окууга киргизилет.