Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 14-ноябрындагы
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун (мындан ары - Мыйзам долбоору) (кир. № 6-18904/22 22-сентябрь 2022-жыл) концепциясын карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:
1. Мыйзам долбоордун концепциясы: Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүүнүн алкагында даярдалган.
2. Мыйзам долбоордун мазмунунун билдирилген концепцияга туура келиши: туура келет жана мыйзам долбоору менен “Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө”, “Массалык маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө”, “Манас эпосу жөнүндө”, “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” деген сөздөргө, “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөрдү “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөргө алмаштыруу аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы:
-“Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Манас эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-талап кылынбайт.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу бар (2022-жылдын 5-октябрындагы кир. № 6-19875/22) тиркелет.
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын октябрындагы кир. № 6-19887/22) тиркелет.
6. Эгерде көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундулары бар болсо, алардын жыйынтыгы боюнча сунуштар:
-жок.
7. Эгер коомдук талкуулар жүргүзүлгөн болсо, алардын жыйынтыгы боюнча сунуштар:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин корутундусу (2022-жылдын 2-ноябрындагы кир. № 6-22033/22) тиркелет.
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Мыйзам долбооруна Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:
-жок.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнѳ байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча баяндама менен чыгуу Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басарына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумуна бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри чакырылсын.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.