Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2022-жылдын 31-октябрындагы
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 17-июнундагы кир. № 6-12772/22) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун (мындан ары – Мыйзам долбоору) концепциясын карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) Мыйзам долбоорунун концепциясы: бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы
№ 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү жана алардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу бул Мыйзам долбоорунун милдеттери болуп саналат.
2) мыйзам долбоорунун мазмунунун жарыяланган концепцияга ылайык келиши:
-ылайык келет;
3) мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Кыргыз Республикасынын 1990-жылдын 18-декабрындагы бардык эмгекчи-мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө Эл аралык конвенцияга кошулуусу тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясы;
4) ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-талап кылынбайт;
5) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 22-июнундагы кир. № 6-14262/22) тиркелет;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 26-июлундагы кир. № 6-16050/22) тиркелет;
6) көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар, эгерде бар болсо:
-жок;
7) өткөрүлгөн коомдук талкуулоолордун натыйжалары боюнча сунуштар, эгерде бар болсо:
-жок;
8) Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусу (2022-жылдын 27-сентябрындагы кир. № 6-19099/22) тиркелет;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин корутундусу (2022-жылдын 15-сентябрындагы кир. № 6-17996/22) тиркелет;
-Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин корутундусу (2022-жылдын 29-сентябрындагы кир. № 6-19380/22) тиркелет;
9) комиссиянын мүчөсүнүн өзгөчө пикири, эгерде болсо:
-жок;
10) Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:
Киргизилген мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.
Ошону менен бирге Комитет Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына “Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар” деген сөздөрдөн кийин “жарандыгы жок адамдар” деген сөздөр менен толуктоону караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндөгү сунуштарын эске алды.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Социалдык саясат боюнча комитет төмөнкүдөй корутундуга келет:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (“Тышкы миграция жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунушталсын.
2. Бул Мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри аныкталсын.
3. Бул Мыйзам долбоорун кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Чек ара кызматынын директору чакырылсын.
Комитеттин төрайымы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.